Минскте кыргыз-казак чек арасындагы абал талкууланышы мүмкүн
Бөлүшүү:
Бүгүн Минске өтө турган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) жыйынында кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал талкууланышы мүмкүн. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Россияга болгон иш сапаранын жыйынтыгы боюнча брифингде журналисттерге билдирген.
«30-ноябрда Минскте ЖККУнун мамлекет башчылары чогулат. Ал жакта Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев дагы болот. Жыйын учурунда мен бардык өлкө башчылары менен жолугушам, сүйлөшүүлөрдү өткөрөм. Бул маселе тууралуу да сүйлөшөбүз деп ойлойм», - деди Сооронбай Жээнбеков.
Белгилесек, бүгүн, 30-ноябрда Жээнбеков уюмдун мааракелик жыйынына катышат.
Ссылка: https://barometr.kg/content9284
Добавить комментарий ×