Бишкекте Казакстандын элчилигинин алдында, Бакиевге ич кийим чогултуу акциясы болот
Социалдык тармактарда колдонуучулар, бүгүн, 30-ноябрда, Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдындагы митингге келүүнү чакырды.
Колдонуучу Амантур Жамгырчиев 30-ноябрда, Кыргызстандын мурунку өлкө башчысы Курманбек Бакиевге ич кийим, майка берүү үчүн чогулууга чакырып жатат.
"Көӊүл бургула, акция! Курманбек Бакиев ич кийим чогултабыз!
30 –ноябрда саат он бирде кайдыгер карабаган бардык жарандарды элчиликтин алдына келүүгө чакырабыз. Топтолгон кийимдер, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге кийимдерди Бакиевге берип коюӊуз деген өтүнүчү менен жиберилет", - деп жазды колдонуучу.
Эске салсак, кечээ, 29-ноябрда, «Хабар» телеканалынан кыргыз революциясы тууралуу даректүү тасма көрсөтүлгөн. Фильмдин негизин 2010-жылдагы окуялар боюнча Бакиевдин версиясы алынды.
Бакиев, ал учурларды эстеп жатып, өлкөдөн үстүндө эмне болсо ошону менен чыкканын айтты.
"Биз реликвия катарында, ал турсун менин ич кийимдеримен бери алып кетишкенин билебиз. Мен идиш-аяктарды айтпай эле коеюн. Мен, убагы келгенде мекениме кайтам деп ишенем», - деп Бакиев фильмде билдирген.
Ссылка: https://barometr.kg/content9281
Добавить комментарий ×