Өлкөнү Борбор Азия менен байланыштырган көмөкчордон модернизацияланды
Чалдовар айылында жайгашкан 500 кВ «Фрунзенская» көмөкчордону 1978-жылы декабрда ишке киргизилген. 39 жылдан бери бул жабдык физикалык да моралдык да жактан эскилиги жетти. Акыркы жылда, реконструкциянын алкагында эскирген ток токтотуучу жана жиберүүчү приборлор толугу менен алмаштырылган. Мындан улам көмөкчордондун иши дагы кыйла жогорулады. Бул станция Кыргызстандын энергия системасынын түштүк менен түндүк бөлүгүн гана эмес, ошондой эле кошуна борбордук-азиялык мамлекеттер дагы байланыштырып турат. Муну менен бирге, эксплуатация менен оӊдоолорго кеткен чыгымдарды азайтуунун эсебинен экономикалык натыйжалуулук дагы жогорулады.
Ток өткөрүүчүлөрдөн бөлөк дагы, жогорку класстагы тактыктагы, заманбап электр тогун берүүчү трансформаторлор орнотулду. Мындай жумуштар, «Кыргызстандын улуттук электр түйүнү» ачык акционердик коомуна электр энергиясынын коммерциялык эсебинин автоматташтырылган маалыматтык-өлчөөчү системаны киргизүү алкагында жүргүзүлдү.
Ссылка: https://barometr.kg/content9270
Добавить комментарий ×