Жогорку Кеӊеш 2018-жылга республикалык бюджет долбоорун колдоду
Бөлүшүү:
Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 29-ноябрда, Жогорку Кеӊештин жыйынына катышты. Анда ушул жылдын бюджетине өзгөртүүлөртү киргизүү, 2018-жылга республикалык бюджет долбоору, 2018-2020-жылдарга карата болжоолор каралды.
Өкмөт аппаратыын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмүнөн кабарлашкандай, парламентарийлердин суроолоруна өкмөт башчы Сапар Исаков, өкмөт мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери жооп беришти.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча, Жогорку Кеӊештин депутаттары экинчи жана үчүнчү окууда, «2017-жылга республикалык бюджет жана 2018-2019-жылдарга карата болжолдоолор тууралуу» Мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча» долбоорду жактырды.
Ссылка: https://barometr.kg/content9269
Добавить комментарий ×