Ош шаардык сотунун мурунку судьясына кылмыш иши козголду
КРдын Башкы прокуратурасы тарабынан, Ош шаардык сотунун мурунку судьясы Т.Ж. жана башка жактарга кылмыш иш козголду. Аларга Кылмыш кодексинин 304 (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 328 (Билип туруп, мыйзамга дал келбеген өкүм, чечим же бөлөк сот токтомун чыгаруу)жана 166-беренелери (Алдамчылык) боюнча айып тагылды.
Аныкталгандай, 2006-жылы 20-январда, Жапалак айыл өкмөтүнүн токтому менен, Р.Н. аттуу аялга, Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын жээгинен убактылуу 10 жылдык мөөнөт менен колдонууга 0,16 гектар жер тилкеси берилген. Р.Н., аталган жерге ээлик кылууга укугу жок экенин билип туруп, Ош шаардык сотуна жеке ээлик кылуу укугун таануу боюнча доо арыз менен кайрылган.
2013-жылы 26-сентябрда, соттук кароонун жыйынтыгы боюнча, Ош шаардык сотунун судьясы Т.Ж. жарандын арызын канааттандыруу тууралуу мыйзамсыз чечим чыгарган. Сот жарандын ал жер тилкесине жеке ээлик кылуу укугун таанып, Р.Н.га бул боюнча мамлекеттик акт берилген.
Ушул жылдын 23-мартында Ош шаардык сотунун кассациялык көрсөтмөнүн негизинде судьянын мындай мыйзамсыз чечими, Ош областык сотунун токтому менен жокко чыгарылды, ал эми Р.Н. аттуу жарандын доо арызы канааттандырылбайт деп калтырылды.
Буга байланыштуу учурда иликтөө жүрүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/content9258
Добавить комментарий ×