Пакистанда сот имаратына кол салынып төрт адамдын өмүрү кыйылды

21 февраль 2017 17:11 463 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Пакистандын Чарсад аймагындагы сот имаратына кол салуудан кеминде төрт адам набыт болуп, бир нечеси жаракат алды.  Согушчандар  соттун имаратына бастырып кирип, ок чыгарган. Маалыматтарга караганда аларда кол гранаталар болгон. Согушкерлердин бири өзүн жардырып жиберген, ал эми экөө атып өлтүрүлгөн.  Пакистан мавзолейдеги жардыруудан кийин өч алуу операцияларын өткөрүп күнөөлүүлөрдү издеп жатат.  Окуяга күбөлөрдүн бири Рейтер агенттигине сот имаратында көп кишинин өлүгү жатканын айткан.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content925



Добавить комментарий