Бишкектен Сокулуктагы абактан качып кеткендердин дагы бирөөсү кармалды
Бөлүшүү:
Бишкектен Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө абагынан качып кеткендерден дагы бирөөсү кармалды. Бул тууралуу КРдын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
28-ноябрда, болжол менен саат тогуздарда Исанов-Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде милиция кызматкерлери тарабынан Сокулуктагы кармоочу жайдан качып чыккан киши кармалды: Ачылдурдиев Багтият Турдукулович, 22.01.1985-жылы туулган, Түркмөнстандын тургуну, «Талоончулук» беренеси боюнча камакка алынган. (Штамп, документ, печаттарды уурдоо, жок кылуу, бузуу, жашыруу).
Ал эми абактан качып кеткен дагы бир жаранды издөө иш-чаралары улантылууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content9248
Добавить комментарий ×