Департамент тарабынан 8 миӊден ашуун турак жай корголгон

29 ноябрь 2017 10:42 530 Barometr
Бөлүшүү:
ok

КРдын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын алуу жана анын натыйжасын ликвидациялоо боюнча департаменти тарабынан, 8 миӊден ашуун турак жай сакталып калды. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы кабарлады.

Департамент, Талас, Чүй, Ысык-Көл жана Нарын областтарынын аймактарындагы коргоочу жана башка инженердик объектилерди куруу менен алектенет.

2011-жылдан баштап 2017-жылдын октябрына дейре аталган департамент тарабынан 125 имарат эксплуатацияга киргизилген.

Коргоо иш-чараларынын жыйынтыгында, 8038 турак үй, 834,7 га айыл чарба аянттары, 8 мектеп, 7 чек ара устун, 2 бажы чек ара бекети, 1 көпүрө, 1 ипподром, 1 мечит, насостук жана суу станциясы, 1 мүрзө, 1 спорткомплекс сакталган.

Ссылка: https://barometr.kg/content9244



Добавить комментарий