Журналист Сапар Исаковду Чубак ажыга карата чара көрүүгө чакырды
Журналист Канымгүл Элкеева премьер-министр Сапар Исаковду, мурунку муфтий Чубак ажы Жалиловго карата чара көрүүгө чакрды. Бул тууралуу журналист социалдык тармактагы баракчасына жазган.
«Төрт кыздын атасы, премьер-министр Сапар Исаков эки аял алдым деп мактангандарга каршы тура алабы? Мыйзамдын сакталышын камсыз кыла алабы? Ал кечээ эле БУУнун жыйынына катышып, кыз-келиндердин укугун коргоону өз көзөмөлүнө аларын айтып, аялдардын укугун бузгандарга чара көрүүнү бардык өкмөт мүчөлөрүнө тапшырган”,-деп жазды журналист.
Сапар Исаков журнаисттин мындай суроосуна азырынча жооп бере элек.
Эске салсак, кечээ, 28-ноябрда, социалдык тармактарда видео жазуу жарыяланган. Анда Кыргызстандын мурунку муфтийи Чубак ажы Жалилов экинчи ирет үйлөнгөнүн, бирок ошол эле учурда биринчи никедеги жубайы менен ажырашпаганын билдирген.
Чубак ажы, Кыргызстанда башка мусулмандарды дагы, эгер мүмкүнчүлүк болсо, күйөөдөн бак айтпаган, жашоодон кысталган аялдарга үйлөнүүгө чакырган.
"Ооба мен жакында эле экинчи жолу үйлөндүм. Менин эки аялым бар. Жолдошу каза болуп калган жесир аялга үйлөндүм, ал Түркияда бала багуучу болуп иштеген. Шариятка ылайык, эркектер экинчи же үчүнчү аялы кылып жашоодон запкы көргөн, кыйналган же жесир аялдарга үйлөнөт. Бизде азыр кыргыз аялдары акча табам деп мажбур түрдө чет жактарга иштегени кетип жатышат. Биз кыргыз эркектери аларга жардам беришибиз керек, намыстанышыбыз керек. Ошон үчүн мен экинчи аял алдым. Эч кимден жашырган жерим жок, ата-энем, жубайым баарын билишет. Шарияттын бардык мыйзамдарына ылайык үйлөндүм. Албетте менин биринчи аялым капа болду буга, анын кызганууга, капа болгонго укугу бар. Мен мусулмандарды жашырынып эмес, үйлөнгөнүӊөрдү ачык айтып жашагыла деп чакырып кетет элем»,-деп билдирди Чубак ажы Жалилов.
Соцтармактарда бул видео катуу талкууга алынууда.
Белгилесек, Кыргызстандын Конституциясына ылайык, жарандык мамлекет, көп аял алууга, Негизги мыйзам боюнча, тыюу салынат.
Ссылка: https://barometr.kg/content9240
Добавить комментарий ×