Сооронбай Жээнбеков иш сапар менен Россияга учуп кетти
Бөлүшүү:
Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-ноябрда, россиялык тараптын чакыруусу менен Россия Федерациясына алгачкы чет элдик сапарына учуп кетти.
Мамлекет башчысы Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Тараптар кыргыз-россиялык эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүү, ошондой эле Евразиялык мейкиндикте интеграциялык бирикменин алкагында өз ара аракеттенишүү маселелерин талкуулайт.
Иш сапардын алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен дагы жолугушат.
Ссылка: https://barometr.kg/content9235
Добавить комментарий ×