Унааларды техкароодон милдеттүү өткөрүү нормасын кайра киргизүү талап кылынды

28 ноябрь 2017 17:02 363 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 28-ноябрда, маалымат жыйында жарандык активисттер өкмөттөн транспортту милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүү боюнча нормаларды кайтарууну талап кылышты. 

Активисттер, мындай чаралар жол кырсыктарынын алдын алууда зарыл деп ишенет.


Укук коргоочу Анарбек Катаганов билдиргендей, жарандык сектордун өкүлдөрү тиешелүү нормаларды иштеп чыкты. Анын айтымында, бул документ коомчулуктун талкуусуна коюлат.

Катаганов техникалык кароону жокко чыгаруунун кесепеттерин түшүндүрүп берди. Мындай нерсе экологияга терс таасирин тийгизет.

 

"Түзүм аркылуу чыккан зыяндуу заттар нормадан ашып кетет. Бирок бул көзөмөлдөнбөйт, анткени техкароо жокко чыгарылды, анан май, автотранспорттун техникалык абалы эске алынбайт да. Мисалы, унааны катализатору жок да сатышууда. Экологдордун айтымында, зыяндуу заттардын таасири адамдардын саламаттыгына таасирин тийгизбей койбойт. Азыр жаш балдар менен чоӊ адамдар көп ооруп калышууда. Зыяндуу заттардын 90%ын ушул автоуунаалар таратып жатат", - дейт Катаганов.

Ссылка: https://barometr.kg/content9220



Добавить комментарий