Мектеп директорлоруна ата-энелерден акча чогултууга тыюу салынды

28 ноябрь 2017 15:19 600 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов 2017-жылдын 24-ноябрынан «Билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин мыйзамсыз акча чогултуу үчүн жоопкерчилиги тууралуу» буйрукка кол койду. Анда мугалимдер аркылуу акча топтоого тыюу салуу боюнча айтылат.

Муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, «бул буйрукка ылайык, иш-чаралар менен майрамдарга мугалимдер, класс жетекчилер жана окуучулар аркылуу акча чогултууга тыюу салынат». Бишкек шаарынын мэри мындай буйрук менен, акча чогултууда мектеп директорлоруна персоналдык жоопкерчиликти жүктөдү.

 «Акыркы учурларда Бишкек шаарындагы билим берүү уюмдарында мекемелеринде акча топтомой, чогултмай ата-энелер, коомчулуктун арасында гана эмес, ошондой эле, бардык ЖМКларда талкууга алынган чоӊ темага айланды. Маселени ичинен караганда, мектептер ата-энелер гана эмес, демөөрчүлөр тарабынан да чыны менен эле кошумча каржылоого муктаж экенин түшүнсө болот, бирок мектептердин керектөөсүн камсыздоо толугу менен ата-энелердин мойнуна жүктөлбөшү керек»,-деп айтылат аталган мэриянын малыматында.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9212



Добавить комментарий