"Белое солнце пустыни" тасмасындагы легендарлуу «Петруха» каза болду

28 ноябрь 2017 14:47 519 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«Белое солнце пустыни» картинасында Петруханын ролун ойногон россиялык актер Николай Годовиков Петербургда 23-ноябрда, 67 курагында каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды. Аталган тасма актерго жалпы элдик атактуулукту алып келген.

Актердун жансыз денесин анын кайын атасы биринчи болуп көргөн.

«Мен Коляга телефон чалганда трубканы анын кайын атасы алды. Ал Николай Львович өзүнүн үйүндө каза болду. Азыр полиция менен тез жардамды күтүп жатабыз деди»,-деп актердун жакын досу билдирген.

Досу кошумчалагандай, Николай рак дарты менен ооручу.

Белгилесек, Николай Годовиков 1950-жылы 1-январда туулган. Ал жашоосунда үч ирет камакта жатып чыккан. Камактан бошонуп чыккандан кийин актер жумушка орношот. Ошол эле учурда театр менен кинодо эпизоддук ролдорду аткарган. Актер 3 жолу үйлөнгөн, Мария жана Артем деген балдары, неберелери бар. Годовиков өзүнүн жашоосунда аткарган чоӊ атанын ролун баарынан маанилүү деп атаган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9211



Добавить комментарий