Банктар декабрдан тарта тоок багуу менен лимон өстүрүүгө насыя бербейт

28 ноябрь 2017 12:37 1224 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өзбек банктары декабрдан тарта тоок багып, лимон өстүргөн ишкерлерге насыя берүүнү токтото турушканын жарыялашты. Алар берген маалымат боюнча бул долбоорлор өзүн-өзү актаган жок. Ошондуктан декабрдан тарта коммерциялык банктар бизнестин бул түрлөрүнө колдоо көрсөтүүнү толугу менен токтотушат. Бул боюнча Борбор Азия кабарлар кызматы жазды.

Тоок чарбасын өнүктүрүп, лимон өстүрүү идеасын калкка өзбек президенти Шавкат Мризиёев берген. 2017-жылы январда ал өлкө жарандарына үй канаттууларын багууну, мартта күнөсканаларда лимон өстүрүп, экспортко чыгарууну сунуштаган.

Мындан кийин аймактарда жергиликтүү бийлик Миризиёевдин сунушу менен мектеп жана бала бакчаларды лимон багын тигүүгө мидеттендирген. Бирок тиешелүү багуу болбогондуктан көбү тез эле куурап калган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9206



Добавить комментарий