Сирия өкмөтү Женевадагы сүйлөшүүлөргө барбай турганы айтылууда

28 ноябрь 2017 11:45 398 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сирия өкмөтүнүн делегациясы оппозиция өкүлдөрү менен жолугушуу үчүн Женевага барууну кийинкиге жылдырды. Бул тууралуу Борбор Азия кабарлар кызматы жазды.

Басылманын маалыматына караганда, Дамасктын мындай чечими өткөөл мезгилге чейин президент Башар Асаддын отставкасын талап кылган оппозиция өкүлдөрүнүн билдирүүлөрү менен байланыштуу.

БУУнын атайын чабарманы Стаффан де Мистура Дамасктын Женевага барбоо тууралуу чечимине комментарий бере элек. Мистуранын кеңсесинен кабарлашкандай, оппозиция менен өкмөттүн кезектеги сүйлөшүүлөрү 28-ноябрда өтөт.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9201



Добавить комментарий