Асель Кадырбекова: "Нурлан экөөбүз мамилени сактап, жакшы достордон болуп калдык"
Өткөн жумада шоу бизнестеги чуу жаратып жүргөн ырчылар Нурлан Насип менен Асель Кадырбекова Алматыга барып бирге клип тартып келген соң, социалдык тармактагы колдонуучулар: "Булар элдештиби? Кайрадан сүйлөшүп алышканбы?" деген пикирлерди байма-бай калтырышкан.
Мындан улам ырчы айым өз оюн: "Урматтуу достор! Өзүӊөр билгендей, жакында Нурлан экөөбүздүн дуэтибиздин премьерасы болот. Бизди бир гана чыгармачылык байланыштырат деп айтып кетким келет! Чоӊ адамдар сыяктуу биз достугубузду сактап, жакшы достордон болуп калдык! Бул абдан жакшы деп ойлойм. Силерден бир гана нерсе талап кылынат. Биз ким менен болбойлу, бизге бакыт каалоо. Жакында клип жана чыгарманы презентация кылабыз. Силерге жагат деп ишенебиз. Күтүп жатасыздарбы???,-деп билдирген.
Ссылка: https://barometr.kg/content9180
Добавить комментарий ×