Каптагаев: «Атамбаев КР Баатыры сыйлыгына татыктуу»
Президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Эмилбек Каптагаев экс-президент Алмазбек Атамбаевди «КРдын Баатыры» эӊ жогорку артыкчылык даражасын алышы менен куттуктады. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-ноябрда, социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Эске салсак, бүгүн, 27-ноябрда, президент Сооронбай Жээнбеков жарлыкка кол койду. Ага ылайык, элге сиңирген көөнөрбөс эмгеги үчүн, Кыргызстандын мамлекеттик эгемендигин, элдин биримдигин, өлкөдөгү тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоого, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн бекем негизин түзүүгө зор салым кошкондугу, ошондой эле саясий эркти жана эрдикти көрсөткөндүгү үчүн Атамбаев Алмазбек Шаршеновичке “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган.
Каптагаев эсептегендей, Атамбаев мындай сыйлыкка татыктуу.
«Алмазбек Шаршеновичти бул эң жогорку даражадагы сыйлыгы менен үзөнгүлөшү, кайсы бир кыл чайнашкан учурлардагы досу катары чын ыкластан куттуктайм!
Албетте Атамбаев татыктуулардын катарында. Бул чындыкты моюнга алуубуз зарыл. Азыр "иттин уулу байкара" деле "Баатыр болчу элем, орден алчу элем" деп чуркап калбадыбы, айрыкча "Баатыр" болот элем деп Акүйдүн "эшигинен кирип тешигинен чыгып, кайра тешигинен кирип эшигинен чыгып" шыбыранып-күбүрөнүп кулактын кужурун алып жүргөн далай пенделерге караганда алда канча өйдөкү даражада татыктуу, бул чындыкка кепилдик бере алам. Канткен күндө дагы үйбүлөлүк-кландык бийликтерге каршы айыгышкан күрөшкө "баш канжыгада, кан көөкөрдө" деп чыккандар Алмазбек Шаршеновичти лидер катары тааныганбыз, артынан ээрчигенбиз. Бул да чындык. Президент Сооронбай Жээнбеков кызматка киришүү аземинде көтөрүңкү маанайдын шары менен айтты, биринчи жарлыгым менен "Ак шумкарды" берем деди, бул сөз айтылып калды, "Жигиттин сөзү өлгөнчө өзү өлгөнү артык" деген сөз бар эмеспи, шашылып айтып алса дагы аны аткарууга милдеттүү болуп калды, жарлыкка кол койду. Анын үстүнө Сооронбай Шарипович далай "тар жол, тайгак кечүүдө" Алмазбек Шаршенович менен үзөнгүлөш да жүрдү, тагдырлаш болду, жакын дос болду. Бул да чындык.
Алмазбек Шаршенович, сыйлык, ыйгарылган жогорку наам Кут болсун, ден соолукта болуп, бейкут өмүр сүрүүңузгө тилектешмин!»,-деди Каптагаев.
Ссылка: https://barometr.kg/content9179
Добавить комментарий ×