Кулов: «Ельцин эч убакта кашыктары менен Акаевдин башын чапкылап, ойногон эмес»

27 ноябрь 2017 16:19 1064 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кечээ, 26-ноябрда, "Ар Намыс" саясий партиясынын лидери Феликс Кулов соцтармактагы өзүнүн баракчасына эчак, 30 жыл мурун болуп өткөндөрдү эстеп бөлүштү.

Ошону менен бирге ал, күнүбүзгө дейре коомчулукта айтылып келген окуяны кененирээк ачып берди. Кеп, Борис Ельциндин Россиянын президенти болуп турган кезинде, кыязы Кыргызстандын туӊгуч президенти Аскар Акаевдин башына черткени туурасында жүрүп жатат.

Кулов, ошол күнү Ысык-Көлдөгү мамлекеттик резиденцияда сыйлуу конокторду кабыл алуу иш-чарасына катышкандыгын айтты. Ошол кезде ал КРдын Ички иштер министри болчу.

«Жакында эле менден, Ельциндин Акаевдин башында кашык менен ойногону боюнча сурап калышты. Иш Ысык-Көлдө, резиденцияда болгон, анда 1990-жылдын башы эле. Кечки банкетте мен ички иштер министри катарында баргам",-деп эстеди Кулов.

Ал белгилегендей, комуздун коштоосунда музыка учурунда, Ельцин капыстан эле ордунан тура калып, эки аш кашыкты алып, музыканын ыргагында тыкылдата баштаган.

"Башында Ельцин кашыкты тизесине, андан кийин стол, анан түрдүү предметтердин үстүнөн тыкылдатып каккылай баштаган. Ошентип отуруп ал ар кай жакка бурулуп, кашыктарды дасторкондо отургандардын башынан күүлөп өткөн. Ельциндин сол жагында отурган Акаев жана оӊ жакта отурган дагы бирөө дароо эле инстинктивдүү түрдө, ары оодарыла калышты. Ошон үчүн Ельциндин кашыктары эч кимге тийбей калган. Бирок Ельцин ошол замат өзүнүн туура эмес кылып жатканын түшүнүп, бул кылыгын токтоткон. Мен болсо кыйчалыш отургам жана Ельцин Акаевдин башынын үстүнөн кашыктар менен ойноп, тыкылдаткан эмес, муну мен көрүп турдум»,-деп жазды Кулов.

Саясатчы кошумчалагандай, ушундай эле окуя КМШга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитине байланыштуу болгон Ташкенттеги банкетте кайталанган.

"Ельцин музыка жаӊырып жатканда ка йрадан колуна бычакты ала калып чапкылай баштаган. Бул учурда анын каптал жагында отурушкан Каримов менен Назарбаев дароо эле коопсуз жерге жылып кетишкен. Ельциндин кашыктар менен тыкылдатып ойногон жана дирижерлук кылган адатын бүтүндөй дүйнө билет. Бирок Ельцин кокустан кашыгы менен бирөөнү тийип өтүп же кемсинткен учурлар эч жерде болгон эмес. Андыктан «биз, башыбызды черттирбейбиз дегенчелик көз карандысыз болуп калдык» деп, татынакай карама-каршылык, салыштырма үчүн Ельцинди колдонуп, анын бул адатын улам эле мисал катарында көрсөтүүнү мен орунсуз деп эсептейм»,-деп чакырды Кулов.

Ссылка: https://barometr.kg/content9175



Добавить комментарий