Бишкек, Чүйдө авариялык өчүрүүгө алып келген электр жабдыктары калыбына келтирилди

27 ноябрь 2017 12:25 560 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«Кыргызстандын улуттук электр түйүнү» ачык акционердик коомунун «Башкы - Кызыл-Аскер» 110 кВ электр өткөрүү линиясынын зымдары үзүлүп, натыйжада Бишкек менен Чүй областында электр энергиясын авариялык өчүрүүлөргө алып келди. Бул тууралуу «Түндүкэлектр» ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кечээ, 26-ноябрда, саат 23:48де борбор калаанын түндүк-батыш бөлүгүндө электр жабдыгы үзүлгөн. Мындан улам, Батыш автобекет, Ош базары райондору, Газшаарчасы, Аскер шаарчасы, 110-квартал, «Достук» кичи району жарыксыз калган. Чүй областынын Маевка, Пригородный, Ново-Павловка, Военно-Антоновка кыштактарында электр жабдыгы үзгүлтүккө учураган.

Бүгүн, 27-ноябрда, саат 07:00дө жогорудагы аймактарда электр жабдыктары толугу менен калыбына келтирилген.

Ссылка: https://barometr.kg/content9166



Добавить комментарий