25 жылдан кийин да Душанбе Ташкент аба каттамы калыбына келген жок, Ташкент Душанбенин учактарын кондурбай койду
Бөлүшүү:
Ташкент аба майданы Душанбеден келген учакты кабыл албай, “Сомон Эйр” тажик авиакомпаниясынын Дүйшөмбү-Ташкент аба каттамы боюнча алгачкы учуусу үзгүлтүккө учурап калды. Тажик компаниясы буга байланыштуу билдирүү таратып, күнөөнү өзбек тарапка оодарган. Өкмөттүк дэңгээлдеги сүйлөшүүлөргө ылайык, 20-февралдан тарта “Сомон Эйр” компаниясы каттамдарын баштоого уруксат алган болчу. Уруксат алууларга карабай Ташкент аэропорту учууларды кабыл алуудан баш тартып койгон. Тажикстан менен Өзбекстандын аба каттам боюнча байланышы 1992-жылы токтогон. 25 жыл аралыгында биринчи жолу кайрадан аба майданын жандантууга аракет кылышканы менен ал ишке ашпай калды
Ссылка: https://barometr.kg/content916
Добавить комментарий ×