Сутка ичинде 19 өрт катталды: Ноокенде үйдүн жарымы күйүп кетти

27 ноябрь 2017 11:27 458 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда бир сутка ичинде, тактасак, 26-ноябрдан 27-ноябрга караган күнү 19 өрт катталды. Бул тууралуу КРдын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Ош областына караштуу Ноокен районундагы Масы айылындагы Амир-Темур көчөсү боюнча жайгашкан жети бөлмөлүү турак үйдүн 80 чарчы метрди түзгөн 3 бөлмөсү, анын ичинде 10 даана одеял, 15 жаздык, 4 килем, 6 палас, диван, сыналгы, шкаф күйүп кеткен. Учурда өрттүн себеби аныкталууда.

Ссылка: https://barometr.kg/content9159



Добавить комментарий