Аламүдүн районунда унаа бакка сүзүлүп, кесепетинен эки киши мерт кетти

27 ноябрь 2017 11:01 607 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чүй областындагы Аламүдүн районунда катталган жол кырсыгынан эки адам каза болду. Бул тууралуу КРдын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен (ӨКМ) билдиришти.

26-ноябрда, Кара-Жыгач кыштагында саат 11:34тө “Тойота” үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып бакка сүзүлгөн. Анын кесепетинен 2 адам каза болуп, бир аял жапа чеккен. ӨКМ куткаруучулары жабыр тарткан жаранды ооруканага жеткиришкен. Маркумдардын сөөгү милицияга тапшырылды.

Ссылка: https://barometr.kg/content9155



Добавить комментарий