Алмазбек Атамбаевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» даражасы ыйгарылды

27 ноябрь 2017 09:33 855 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, элге сиңирген көөнөрбөс эмгеги үчүн, Кыргызстандын мамлекеттик эгемендигин, элдин биримдигин, өлкөдөгү тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоого, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн бекем негизин түзүүгө зор салым кошкондугу, ошондой эле саясий эркти жана эрдикти көрсөткөндүгү үчүн Атамбаев Алмазбек Шаршеновичке “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды.

Ссылка: https://barometr.kg/content9148



Добавить комментарий