Теракттан курман болгондордун саны 305ке жетти

25 ноябрь 2017 18:06 628 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жума күнү Египеттин Синай жарым аралынын түндүк тарабында орун алган мечитте болгон жардыруудан каза болгондордун саны 305ке чыкты. Мындай маалыматты бул өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдирди.

Маалыматка ылайык, каза тапкандардын 27си жаш балдар болгон, дагы 128 жаран жаракат алышкан. Ведомство тактагандай, кол салууга 20дан 30га чейин киши катышкан.

Эске салсак, 24-ноябрда, согушчандар Египеттеги «Эр-Рауда» мечитинде жардыруу уюштурушкан. Андан кийин алар Синай жарым аралындагы мечитте адамдарга ок атышкан. Буга байланыштуу Египетте 3 күндүк аза күтүү күнү жарыяланды, ал эми мамлекеттин бардык провинцияларында коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Террорчулар төрт унаа менен имаратты курчап алышкан, андан кийин алар дуба кылып сыйынып жаткандардын ичине кирип жардыргыч затты жарышкан. Ушуну менен согушчандар токтоп калышкан эмес, алар адамдарга ок ата башташкан.

Мындын тышкары, террорчулар окуя болгон жерге келген дарыгерлерди тапанча менен аткылай башташкан.

Ссылка: https://barometr.kg/content9130



Добавить комментарий