Депутаттар шайлоочулары менен жолугушса, Төрага Чүй облусун кыдырат
Бөлүшүү:
Жогорку Кеңештин өзүнүн токтому менен бул жуманы шайлоочулар менен жолугуу үчүн бөлүшкөн. Учурда депутаттар жер-жерлерде шайлоочулардын маселесин уугуп жолугуп жатышат. Ал эми Төрага Чыныбай Турсунбеков бүгүн Чүй облусун кыдырат. Башкача айтканда парламент лидери Чүй облусунун бир катар райондордо иш сапары менен болот. Мындай маалыматты парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Чыныбай Турсунбеков алгач Панфилов районунун Кант шаарындагы «Кайыңды-Кант», «Арстанбек» ачык акционердик коомдорунун иши менен таанышып, Жайыл районундагы «Нур бешик» балдар бакчасына, Москва жана Сокулук районундагы бир катар өндүрүштүк ишканаларга барып абалын көрүп кайтат.
Ссылка: https://barometr.kg/content913
Добавить комментарий ×