ИИМ президенттин кортежинин аркасынан кайсы автоунаа келе жатканын айтып берди
Бөлүшүү:
КРдын Ички министрлиги, өкмөт трассасында президенттин кортежинин артынан келе жаткан, кийин аны укук коргоо органдары тарабынан токтотулган ак автоунаа тууралуу маалыматты карапчыгып төмөнкүлөрдү билдирди:
«Ак түстөгү Тойота Ленд Круизер үлгүсүндөгү автоунаа дагы ошол кортеж менен чогуу. Бирок ал бир аз кечирээк айдап чыгыш керек эле. Кортеждин артына бирөө туруп алган дегендик туура эмес, мындай такыр мүмкүн эмес. Шайланган президенттин инаугурациясына байланыштуу болгон салтанаттуу иш-чара убагында жолдун баары башынан аягына чейин ички иштер органдары жана укук коргоо органдары тарабынан көзөмөлдөнүп турган. Кортеждин жүрүшү штаттык тартипте өткөн”.
Ссылка: https://barometr.kg/content9121
Добавить комментарий ×