Жогорку Кеӊештин депутаты Бокоевдин кызын бычак менен сайып тоноп кетишти
Бөлүшүү:
Жогорку Кеӊештин депутаты Кенжебек Бокоевдин кызы Айгерим Бокоеваны (2000-жылы туулган) 24-ноябрда, болжол менен кечки саат сегиз жарымдарда бычак менен уруп тоноп кетишкен. Бул тууралуу Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкен.
Маалыматка ылайык, кыз 12-кичи районундагы үйүнүн подъездине кирип баратканда белгисиз адам аны бычак менен бут тушка сайып, андан кийин сумкасын алып качкан.
Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Ага Бишкектин ИИББси менен Октябрь райондук ИИБсинин бардык кызматкерлери тартылды.
Милиция учурда жаранды издеп жатат. Кылмыш иш козголуп иликтөө уланууда.
А.Бокоева ооруканага жаткырылды.
Ссылка: https://barometr.kg/content9118
Добавить комментарий ×