Египетте катуу жардыруу болду: 235 адам каза тапты
Согушчандар Египеттеги мечитердин биринде жардыруу уюштурушту. Андан кийин алар Синай жарым аралындагы мечитте адамдарга ок атышкан.
Буга байланыштуу Египетте 3 күндүк аза күтүү күнү жарыяланды, ал эми мамлекеттин бардык провинцияларында коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Бул тууралуу Life жазды.
Маалымдалгандай, террорчулар төрт унаа менен имаратты курчап алышкан, андан кийин алар дуба кылып сыйынып жаткандардын ичине кирип жардыргыч затты жарышкан. Ушуну менен согушчандар токтоп калышкан эмес, алар адамдарга ок ата башташкан.
Мындын тышкары, террорчулар окуя болгон жерге келген дарыгерлерди тапанча менен аткылай башташкан.
Египеттин президенти Абдул-Фаттах Ас-Сиси учурда окуяга байланыштуу чукул жыйын өткөрүп жатат.
Египеттин мамлекеттик телеканалы теракттан курман болгондордун санын жаӊылап берүүдө. Азыркы тапта каза болгондордун саны 235ке жетти. Белгиленгендей, бул көрсөткүч курман болгондордун акыркы саны эмес, анткени мечиттин ичине 500гө чейин адам батчу.
120дай киши жабыркады. Бул тууралуу "Аль-Арабия" телеканалы билдирди.
Күбөлөрдүн айтымында, кол салгандар бардыгы болуп алты киши болгон. Азырынча террорчулардын канчасы жашынып калганы белгисиз.
Мечиттин жанында ондой тез жардам кызматы күзөттө турат.
Ссылка: https://barometr.kg/content9115
Добавить комментарий ×