Казакстан, Кыргызстанды эл аралык макулдашуулар менен коркутуп жатат: "Сууну буубагыла"
Казакстандын Айыл чарба министри Аскар Мырзахметов Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсүнө түшүндүрмө берди. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.
Буга чейин Атамбаев, кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды чечүү үчүн Кыргызстан эки күнгө Казакстанга сууну бекитип коюу жетиштүү болот деп билдирген.
Ал эми Аскар Мырзахметов, чек аралык дарыялардын агымын колдонуу маселеси эл аралык макулдашуулар аркылуу жөнгө салынат деп эске салды.
"Мен, муну жалгыз эле Кыргызстан чечип койбойт деп ойлойм. Анткени дарыялардын агымын колдонуу боюнча эл аралык эрежелер да бар. Кыргызстан бул эрежелерди карманышы керек. Биздин да керектүү эсептерибиз бар, биз жыл сайын өзүбүздүн айыл чарба товар өндүрүүчүлөрдү суунун керектүү көлөмү менен камсыздап туруу үчүн зарыл чараларды көрүп келебиз", - деп ал журналисттерге билдирди.
Муну менен бирге министр казак башкаруучуларынын кежирлигинин айынан кыргызстандык товар өндүрүүчүлөр ири зыян тартып жатканын атайылап эле эстеген жок.
Министр эл аралык эрежелерде бардык тараптын милдеттери жазылган деди.
"Белгилүү бир көз карандылык албетте бар, бирок ал бизде эле эмес, Өзбекстанда деле бар, анткени бул өлкө дагы суунун төмөнкү агымында жайгашкан. Ошон үчүн, Кыргызстан кайсы бир чечим кабыл алган күндө дагы, ал Өзбекстандын дагы кызыкчылыктарына таасирин берет»,-деп түшүндүрдү Аскар Мырзахметов.
Эске салсак, буга чейин КАзакстан ЕАЭБ алкагындагы кызматташтыктын бардык нормаларын бузуп, Кыргызстан менен болгон чек арада көзөмөлдү күчөткөн.
Ссылка: https://barometr.kg/content9114
Добавить комментарий ×