Сооронбай Жээнбеков ресторанда кызматка расмий киришкенин белгилеп жатат
Бөлүшүү:
Эстрада жылдызы Нурлан Насип Инстаграммдагы өзүнүн баракчасына, ресторанда Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясын белгилеп жатышкан видеону жүктөдү.
Видеодон дасторкон үстүндө коноктор отурушканын көрсө болот. Сооронбай Жээнбеков кол чабуулар менен, жогорку кызматтагы чиновниктердин коштоосунда залдан басып келе жатат.
Эске салсак, бүгүн, 24-ноябрда, президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурация салтанаты болду. Анда Алмазбек Атамбаев бийликти расмий түрдө жаӊы мамлекет башчыга өткөрүп берди.
Расмий иш-чарага 450 конок катышты. Инаугурацияга жалпысынан 8 млн. 404 миң сом сарпталары маалымдалган.
Ссылка: https://barometr.kg/content9105
Добавить комментарий ×