Атамбаев Кудайдан Сооронбай Жээнбековду душмандын өчүнөн сакта деп суранды

24 ноябрь 2017 16:15 890 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 24-ноябрда, президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясында Алмазбек Атамбаев, бийликти өткөрүп жатып, жаӊы мамлекет башчы Кыргызстандын тандап алган гүлдөп-өнүгүү жолун татыктуу улантат деп ишенет.

Атамбаев Жээнбековго Кудайым аны жанындагы душмандардан сакташын тиледи.

"КРдын жаӊы президенти кызматына киришти. Ушуну менен менин президент катарында ишим аяктады", - деди ал.

 

Атамбаев ошондой эле, бардык жарандарга, бирге иштешкендерге тереӊ ыраазычылык билдирди.

Ал, негизгиси өлкөдө туруктуулук менен тынчтык орнотулду деп баса белгиелди.

 

Атамбаев алты жыл ичинде көптөгөн позитивдүү өзгөрүүлөр болгонун айтты.

 

"Бирок ойлогондордун көбүн жасоого үлгүрө албай калдым. Иш жүзүндө акыркы ушул 3 жылда гана тынч иштөөгө мүмкүн болду. Силердин айрым үмүтүӊөрдү актай албай калганым үчүн мени кечиргиле. Бирок мен дайыма кыргызстандыктардын жашоосун жакшыртууга умтулуп келдим. Эл алдында, Кудай астында жана өзүмдүн уятым астында чынчыл болууга аракет кылдым. Мекендин келечеги үчүн санаам тынч. Биздин өлкө эми дайыма алдыга гана жылат", - деп эсептейт Атамбаев.

Ал, Жээнбеков өлкөнүн келечеги үчүн курулган жолд, туруктуулукту улантат деп ишенет.

"Мен, Сооронбай Шарипович Жээнбеков таза жана акыйкат иштейт деп ишенем. Мен элимдин даанышмандыгына ар дайым ишенип келгем. Буга өткөн президенттик шайлоолордо дагы бир иерт ынандым. Коштошор алдында, мен силерге ишеним жана колдоо көрсөткөнүӊөр үчүн дагы бир жолу ыраазычылыгымды билдиргим келет. Бактылуу болгула! Кыргызстандын жарандары бактылуу болууга татыктуу.

Мен кыргыз эли менен, Кыргызстанда жашаганыма сыймыктанам. Мекенибиздин келечеги кеӊ! Ал келечекти биз бирге курабыз. Чогуу баарын жасайбыз!", -деди Атамбаев.

 

Сөзүнүн аягында Атамбаев, кыргыз элинин салтына ылайык, Жээнбековго төмөнкүдөй тилегин айтты:

 

 

«О, Жараткан!

Кыргыздын жаңы ажоосун кырсыктын балаасынан сакта, Душмандын залаасынан сакта!

Дос көрүнүп, кас болгондон сакта,

Жанында жүрүп, өч болгондон сакта!

Соке, досум! Берекет жаныңдан кетпесин,

Бак-дөөлөт башыңдан кетпесин!

Жорткондо жолуң шыдыр болсун,

Жолдошуң касиеттүү Кыдыр болсун!

Жараткан ар дайым сени колдосун,

Аман бол, бактылуу бол, Соке досум!

Элибизге акжолтой ажо бол, Соке досум!

Оомийин!

Жараткан элибизге биримдик,

Жерибизге берекет берсин!

Жашасын эгемендүү Кыргызстан!».

Ссылка: https://barometr.kg/content9102



Добавить комментарий