Казак парламенти: Атамбаевдин «сакайып кетүүсүн» каалайбыз
Казакстан парламентинин сенатынын төрагасы Касым-Жомарт Токаев бүгүн бийликти өткөрүп берген Алмазбек Атамбаевдин сакайып кетүүсүн каалады.
«Викиликсте АШНын элчиси Янгдын түрк дарыгерлерине шилтеме берүү менен, Атамбаевдин психикалык дартка чалдыкканы жана анын алкоголго берилгендиги боюнча билдирүүсү чыкты.
Ал эми мындай нерсе паранойаны тереӊдетет. Ошондо бардыгы түшүнүктүү болду! Ага сакайып кетүүсүн тилөө гана калды»,-деп Токаев Twitterдеги аккаунтуна жазган.
Эске салсак, Кыргызстандын президенттик постун тапшырып жаткан Алмазбек Атамбаев жыйынтыктоочу маалымат жыйында, анын алты жылдык президенттик мезгили татаал болгонун түшүндүрүп, кечирим сураган.
Буга чейин Алмазбек Атамбаев Владимир Путинден, Казакстан менен болгон алаканы жөнгө салууга көмөктөшүүсүн өтүнгөн.
Ссылка: https://barometr.kg/content9099
Добавить комментарий ×