Түркия офшорлордун "кара тизмесине" кирүүсү мүмкүн

24 ноябрь 2017 13:50 567 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Евробиримдик жылдын соңунга чейин Түркияны офшорлордун "кара тизмесине" киргизиши мүмкүн. Бул тууралуу Борбор Азия кабарлар кызматы билдирди. Агенттиктин маалыматына караганда, ЕБ Анкара каржылык ачык-айкындуулукту камсыздоо жана жогорку салык жеңилдиги режими менен күрөшүүдө жетиштүү иш алып барган жок деп эсептейт.

Буга байланыштуу жумушчу топ ЕБнын каржы министрлерине Түркияны 5-декабрда “кара тизмеге” киргизүүнү сунуштоодо, деп белгиледи Bloomberg. Эгер Түркия каржы министрлеринин жолугушуусуна чейин салык режимин реформалоо боюнча кошумча милдеттемелерди иштеп чыгууга үлгүрсө кырдаалга таасир этүүсү ыктымал.

Евробиримдик азырынча “кара тизмедеги” өлкөлөргө кандай санкциялар колдонуларын чече элек. Маселен, Франция аларды эл аралык инвестицияларды алган өлкөлөрдүн катарынан чийүүнү сунуштоодо. Тизмеге Түркиядан тышкары 36 мамлекет кирүүсү мүмкүн. ЕБнын жумушчу тобу 92 өлкөгө карата байкоо жүргүзүүдө.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9096



Добавить комментарий