Президент унаа жарышка даярданып жүрөбү?

24 ноябрь 2017 13:36 675 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов 22-ноябрда, Ашхабад шаарынын түндүк тарабында орун алган Спорттук автоунаа борборуна барды. Мамлекет башчы ал жерден заманбап жарыш автоунааларды карап жүрдү. Ал транспорттордун кыймылдаткыч сапаттарын текшерүүгө да жетишти.

«Автодромдо өлкө башчы мындай унааларды бирине отуруп анын кубаттулугун, ылдамдыгын иш жүзүндө байкап көрүү үчүн айдап көрдү», - деп айтылат маалыматта.

Жакынкы араларда өлкөнүн бардык вилаеттеринде (Түркмөнстандын административдик аймактары) заманбап автодромдор курулат, деп билдирет басма сөз кызматы.

Эске салсак, Бердымухамедов «7» деген номуру бар автоунаада түрдүү унаа жарыш мелдештерге көп катышып жүрөт. 

Ссылка: https://barometr.kg/content9095



Добавить комментарий