Таласта чогуу жашаган аялды күрөк менен чаап өлтүргөн жаран кармалды
Талас областындагы Манас районунда, мурун өзү менен чогуу жашаган аялды өлтүрүп коюп, бүгүнкү күнгө чейин жигин билгизбей жашап жүргөн эркек киши кармалды.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдиргендей, ушул жылдын 17-октябрында областык милициянын кызматкерлери, аталган райондогу кыштактардын биринде белгисиз аялдын скелеттеринин калдыктарын табышкан. Маркумдун жанынан шарф, кийим да табылган. Адамды таануу такыр мүмкүн эмес эле. Экспертизанын жыйынтыгы маркум келтирилген оор жаракаттардан улам каза тапканын аныктаган.
«Бир аз убакыттан кийин милиция 1983-жылы туулган, буга чейин, аялдын денесинин калдыктары табылган мал жерге жакын жайгашкан мал сарайда койчу болуп иштеген, Ош областына караштуу Кара-Кулжа районунун тургуну колго түшүрүлгөн. Иликтөөнүн жүрүшүндө жарандын бул оор кылмышка катыштыгы бар деп аныкталган”,-деп айтылат ИИМнин маалыматында.
Маркум 1971-жылы туулган, мурун Жалал-Абад областындагы Ала-Бука районунда жашаган А.Элмира аттуу аял экенин аныкталды. Бул ишке байланыштуу Манас райондук ИИБсинин иликтөө бөлүмү “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.
«Алынган маалыматтарга ылайык, кылмышка шектүү менен каза болгон аял чогуу бул мал сарайда болжол менен 2015-жылдын ноябрынан бери жашап жүрүшкөн. Жумушту болсо Ош базарындагы радио түйүн аркылуу табышкан. Кылмыш иши болжол менен 2016-жылы январда жасалган. Мас абалындагы эркек чыккан уруш-талаштан кийин маркумду катуу сабаган, кылмышкер аялды күрөк менен чапкылап урган. Андан соӊ ал иштегени сыртка чыккан. Аял ошол жерден бир аз убакыт өткөндөн кийин каза тапкан. Кылмыштын изин жашыруу үчүн ал сөөктү көмөйүн деп сарай жакка аӊ казып көөмп салган», - деп милициядан түшүндүрүштү.
Учурда иликтөө уланууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content9085
Добавить комментарий ×