Натыйжа бербеген бир катар мамлекеттик ишканалар жоюлду

24 ноябрь 2017 11:32 778 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өкмөт бир катар натыйжасыз жана иштебеген мамлекеттик ишканаларды жойду. Өкмөттүн бул боюнча токтомуна премьер-министр Сапар Исаков кол койду.

Экономика министрлиги, Айыл чарба, өнөр жай жана мелиорация министрлиги, Билим берүү жана илим министрлигине, Өкмөттүн Баткен областындагы толук ыйгарым укуктуу өкүлүнө, Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу боюнча фондусуна бир айдын ичинде, мамлекеттик ишканаларды жоюу процедураларын ишке ашыруу үчүн комиссия түзүү тапшырылды.

Жоюлууга коюлган мамлекеттик ишканалардын тизмеси:

1             "Кыргызресурстары" ишканасы     

2             "Баткен райондук басмаканасы" ишканасы            

3             "Племенной яководческий завод "Топоз-Баткен" ишканасы

4             "Физкультурник" студенческого комбината питания" ишканасы       

5             "Банкрот иштери боюнча Департаменттин окуу борбору" ишканасы   

6             «"Манас" май куюу комплекси» мамлекеттик ишканасы.              

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9081



Добавить комментарий