Сооронбай Жээнбеков расмий түрдө президенттик кызматка киришти
Президенттин ант берүү аземи бүгүн, 24-ноябрда саат 10:00дө "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын «Энесай» залында башталды. Инаугурацияга 450 киши чакырылды. Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө Жээнбеков ант берди. Андан кийин ага президенттин күбөлүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайылдабекова тапшырып, төш белги такты. Кызматтан кетип жаткан Алмазбек Атамбаев жаңы президентке штандартты – Кыргызстандын желегин өткөрүп берди.
Белгилесек, өлкөдө президент алты жылга шайланат. Ушуну менен экинчи ирет өлкөдө президент тынч жол менен алмашууда. 2010-жылы референдум аркылуу шайланып келген өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева 2011-жылы 1-декабрда Алмазбек Атамбаевге мамлекет башчылык кызматты өткөрүп берген.
Ссылка: https://barometr.kg/content9077
Добавить комментарий ×