Кыргызстанда жалпысынан иштетилбей турган нефтинин миллиард тонна кору бар

20 февраль 2017 15:29 416 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын аймагындагы нефтинин кору миллиард тоннаны түзөт, деп билдирди КазТАГ кызматы. КазТаг маалыматы кызматына  мындай маалыматты "Экситон Корпорейшн" илимий-изилдөө интитутунун жана тажрыйба-конструктивдик бюросунун президенти Дуйшенбек Камчыбеков билдирген.

Анын айтымында, мамлекеттик баланста туруп, казылып алынып жаткан нефтинин кору 11 миллион тоннаны түзөт да, алдын ала болжолдонгон корунун көлөмү 500 миллиондон бир миллиард тоннага чейин жетет. Ошондой эле өлкөдө нефтинин кору жаткан 10 чөлкөм бар. Алардын ирилерине 100 миллион тонна нефти кору бар Фергана, 70 миллион тонна кору бар Алай, 50 миллион тонна кору бар Аксай, 30 миллион тонна кору менен Токтогул чөлкөмү кирет.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content907



Добавить комментарий