Казаков Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрага милдетин аткаруудан бошотулду
Бөлүшүү:
Болсунбек Казаков Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын милдетин аткаруудан бошотулду.
КРдын өкмөтүнүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмүнөн билдиришкендей, тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койду.
Эске салсак, Казаков бул кызматка ушул жылдын башында дайындалган болчу.
Өкмөттүн башка булактары билдиргендей, фондду Дүйшөнбек Зилалиев жетектеши мүмкүн.
Ссылка: https://barometr.kg/content9059
Добавить комментарий ×