Ошто эшек уурдоо менен алектенген жарандар колго түшүрүлдү

23 ноябрь 2017 16:32 611 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ошто Ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) Сулайман-Тоо бөлүмүнүн кызматкерлери, эшектерди уурдап алектенген эки жаранды кармады. Бул тууралуу ИИББсинин басма сөз кызматы билдирди.

Иликтөө көрсөткөндөй, 28 жаштагы А.М. жана 17 жаштагы П.П. аттуу, Жапалак айылынын тургундары түн ичинде 5 эшекти уурдап кетишкен. Алар эшектердин ар бирин 8 миӊ сомго Кытайдан келген жумушчуларга сатып жиберишкен.

Буга байланыштуу КРдын Кылмыш кодексинин «Мал уурдоо» беренеси бонча кылмыш иш козголду. Кармалган тургундарга карата үй камагына чыгаруу чарасы көрүлдү.

Эске салсак, бир нече жыл мурун белгилүү болгондой, Кыргызстандан 600дөй эшек Кытайга жөнөтүлгөн. Расмий эмес маалыматтарга таянсак, бул сан 6-7 эсеге жогору болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/content9054



Добавить комментарий