Шашылыш билдирүү: 26-ноябрдан баштап аба ырайы кескин өзгөрүп, суук түшөт
Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, 26-ноябрдан баштап Кыргызстан боюнча аба ырайы кескин өзгөрүп, аймактарга кар түшөт.
26-ноябрда эртеӊ менен, күндүз жана 27-ноябрда аба ырайы кескин өзгөрөт: көпчүлүк аймактарга жаан жаап, тоолуу райондор менен тоо этектерине кар түшөт. Жер-жерлерге мезгил-мезгили менен кар жаайт. Сымдар менен бак-дарактарга түшкөн суу кар тоӊот.
Жолдорду кар басып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы күчөп, секундасына 15-20 метрге чейин жетет.
27-28-ноябрь күндөрү аба ырайынын температурасы төмөндөйт: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…-8 чейин, күндүз 0…-5, Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…+5, Ысык-Көл жана тоолуу райондордо түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5, Нарында жана тоолуу аймактарда түнкүсүн -15…-20, күндүз -3…-8, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30, күндүз -7…-12 болот.
Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда мал-жандыктарды кармоону, автотранспорт, байланыш, энергетикалык жана коммуналдык кызматтардын иштерин кыйындатат.
Ссылка: https://barometr.kg/content9052
Добавить комментарий ×