Аскар Бешимов Чой Су менен жолугуп эки өлкөнүн кызматташуу маселесин талкуулады

20 февраль 2017 13:25 435 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын Кореядагы элчиси  Аскар Бешимов Корея Республикасынын чакан жана орто ишканаларынын бирикмесинин президенти Чой Су Гю менен жолугушуу өткөрдү. Анда кыргызстандык жана кореялык ишканалардын өз ара кызматташуусунун келечеги, эмгек мигранттарынын маселелери талкууланган.  Жолугушууда элчи түштүк кореялык ишкерлердин Кыргызстан жана кыргыз ишкерлери тууралуу маалыматы аз болгондон улам эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун көрсөткүчүнүн төмөндүгүн баса белгилеген. Буга байланыштуу Корея кичи жана орто ишкердик бирикмеси иш берүүчүлөргө Кыргызстандын эмгек мигранттарын жарнамалоого, буклеттерди жана китепчелерди таратууга даяр экендигин билдирди.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content905



Добавить комментарий