Салайдин Авазов кайрадан Жалал-Абад шаарынын мэри болуп шайланды
Бөлүшүү:
Жалал-Абад шаардык кеӊеши Салайдин Авазовду шаардын мэри кылып шайлады.
Анын талапкерлиги жергиликтүү кеӊештин көпчүлүк депутаттары тарабынан колдоого алынган.
Башынан эле бул кызматка эки талапкерди: КСДП фракциясы Салайдин Авазовду, ал эми «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы болсо өздөрүнүн лидери Майрамбек Адылбековду көрсөтүшкөн.
Эске салсак, Жалал-Абад шаардык кеӊешинде 6 фракция бар: КСДП, «Ата-Журт», «Кыргызстан», «Мекеним Кыргызстан», «Республика» жана «Өнүгүү-Прогресс».
Ссылка: https://barometr.kg/content9044
Добавить комментарий ×