Кайраттын жубайы менен аткарган дуэти күйөрмандарды суктандырды
Бөлүшүү:
Казакстандын ырчы мырзасы Кайрат Нуртас, жубайы Жулдыз Абдукаримова менен бирге дуэт ырдап чыгышты. Социалдык тармактарда ырдын видеосу жарыяланган. Анда Кайрат менен Жулдыз "Махаббатым менің" деген чыгарманы аткарышкан.
Соцтүйүндүн колдонуучулары Жулдыздын үнүнө тамшанышып, «Кандай керемет үн», «Мыкты жубайлар! Силерге бакыт каалайбыз» деген комментарийлерин калтырышкан.
Кайраттын продюсери жана апасы Гулзира Айдарбекова НТК каналындагы программада, келини Жулдыздын сахнага чыгышына түшүндүрмө берди.
"Анын алып баруучулук жөндөмү бар. Мен анын чебердигин жогорку деӊгээлде деп бааладым", - деди ал.
Ссылка: https://barometr.kg/content9043
Добавить комментарий ×