«Кентавр» тасмасы кинофестивалда сыйлыкка татыды
Бөлүшүү:
Белгилүү режиссёр Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасы Берлин шаарында өткөн "Берлинале 2017" кинофестивалында автордук кино эл аралык конфедерациясынан сыйлык алды. Бул тууралуу режиссёр өзү маалымат таратып:-"Фестивалдын алкагында "Кентавр" тасмасы 8 жолу элге тартууланды Европа кинобазарында, ММК өкүлдөрүнө жана "Берлинале 2017" үчүн 6 жолу коюлду. Тасманын бардык көрсөтүүсү аншлаг менен өттү Ошондой эле "Панорама" программасынын алкагында тасманын дүйнөлүк премьерасы болгон", - деп айтты. Эми бул кинонун ачылыш аземи Кыргызстанда өтөт
Ссылка: https://barometr.kg/content904
Добавить комментарий ×