Өзбекстанда бийлик окуучу кыздарды «абийирин» текшертүү үчүн гинекологго жиберип жатат

22 ноябрь 2017 16:53 1947 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өзбекстандын Самарканд областындагы колледждердин студенттери менен орто мектептердин жогорку классынын окуучу кыздарды масаалык түрдө гинекологдун кароосуна жөнөтүп жатышат. Аноним шарты менен, областык администрациянын кызматкери билдиргендей, мындай иш-чаранын максаты эрте жыныстык жашоону баштаган жаш кыздарды аныктоо болуп саналат. Бул тууралуу centralasian.org жазды.

Самарканд областык администрациясынын чиновнигинин айтымында, окуучу жана студент кыздарды, кыздыгын алдырган же боюнда болуп калып коомчулуктун шылдыӊдоосунан уялып өзүн-өзү өлтүрүүнү чечкен жаш кыздардын арасындагы суициддин алдын алуу максатында гинекологго жиберип жатышат. Ал, гинеколог текшерүүдөн өткөргөндөн кийин, эрте жыныстык жашоону баштаган кыздардын ата-энелери менен психолог, дарыгер жана мугалимдер сүйлөшүп баарлашат.

Област боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында он жаш кыздын боюнда бар экени аныкталган. Педагогдор менне дарыгерлер мындай фактыны бул кыздардын ата-энелерине гана маалымдаган.

Бирок мектеп окуучулары менен колледждин студенттери мындай иш-чара мажбурлоо мүнөздө өтүп жатат деп даттанышкан. Студенттердин бири, гинекологдун текшерүүсүнөн өткөндөн кийин, бир студенттин боюнда бар экени бүтүндөй колледжге жайылып кеткенин айтты.

Администрациянын кызматкери кошумчалагандай, жаш кыздарды массалык түрдө дарыгердин кароосунан өтүүгө жиберүү иш-чарасын, жергиликтүү бийлик, Самарканддагы президент Шавкат Мирзиеевдин сүйлөгөн сөзүнөн кийин башташкан.

Эске салсак, 9-ноябрда, Өзбекстандын мамлекет башчысы Самарканд областында аялдар менен жаш кыздардын арасында суицид күчөп кеткенине байланыштуу тынчсыздануусун билдирген. 

Ссылка: https://barometr.kg/content9002



Добавить комментарий