НТС каналынын операторун, анын аялы менен апасын сабап кетишти

22 ноябрь 2017 15:29 1264 Barometr
Бөлүшүү:
ok

НТС телеканалынын журналисти Азиат Жекшеев оператор менен анын туугандарын сабап кетишкенин билдирди.

Соцтармактагы өзүнүн баракчасына журналист бир нече адам атаган каналдын оператору Урмат Акынбек уулун токмоктоп кетишкенин жазган.

Жекшеевдин маалыматы боюнча, окуя 21-ноябрда, кечки саат сегиздерде болгон.

"25-30 курактагы жаш балдар дүкөндөн чыгып келе жатып, Урмат менен айтышып талашып кетишкен. Андан ары айтышуу мушташка өткөн. Жигиттер операторду, ага жардам көрсөтүүгө далалат кылган анын жубайын, апасын сабап салышкан", - деп журналист нааразычылыгын көрсөтүп, Урмат ооруканага жаткырылганын кошумчалады.

"Анын апасы менен аялы учурда амбулатордук дарылануудан өтүп жатышат. Сабаган балдарды милиция колго түшүрдү", - деп билдирди Жекшеев.

Ссылка: https://barometr.kg/content8997



Добавить комментарий