Кореянын президенти жарандарга ырдап-ичип, көӊүл ачууга тыюу салды

22 ноябрь 2017 14:30 669 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жаӊы жарлыкка кол койду. Ага ылайык, өзүнүн жарандарына ичүү, ырдоо сыяктуу шаан-шөкөт менен коштолгон көӊүл ачуучу иш-чараларга катышууга тыюу салынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

 

Мындан тышкары, Ренхап агенттигинин берген маалыматы боюнча, «тышкы маалымат» үчүн көзөмөл күчөтүлдү.

Жалпыга маалымдоо каражаттары болжогондой, бул чаралар, жакында эле болгон ядролук сыноолорго жооп иретинде, Түндүк Кореяга каршы санкциялардын «мүмкүн болгон терс жыйынтыктарын» жеӊилдетүү үчүн кабыл алынган.

Эске салсак, буга чейин түштүк кореялык ЖМКлар Пхеньян ядролук бомбаны 100 килотоннада сезген деп жазышкан болчу.

Атамбаев УКМК кызматкерлерин мамлекеттик сыйлык жана президенттик сааттар менен сыйлады

Ссылка: https://barometr.kg/content8992



Добавить комментарий