Атамбаев УКМК кызматкерлерин мамлекеттик сыйлык жана президенттик сааттар менен сыйлады

22 ноябрь 2017 14:25 1043 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев   бүгүн, 22-ноябрда, кызматтык милдеттерин  ак ниет жана үлгүлүү аткаргандыгы үчүн, ошондой эле  Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу ишине кошкон салымы үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине мамлекеттик  сыйлыктарды жана президенттик энчилүү сааттарды тапшырды.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы  УКМК кызматкерлерин сыйлыктары менен куттуктап, кынтыксыз кызматы жана кесипкөйлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

“Сиздер өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылууга зор салым коштуңуздар. УКМКнын ыкчам, кадрдык жана аналитикалык мүмкүнчүлүгүнүн аркасында  өлкөдө  туруктуулукту сактап калууга, Кыргызстанды тышкы жана ички коркунучтардан коргоо ишинде жогорку көрсөткүчтөрдү  жаратууга  мүмкүн болду”,- деди Президент Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы УКМКнын кызматкерлерине  бакубатчылык, бакыт-таалай каалап, ар дайым элдин кызыкчылыктарын коргоого, өз милдеттерин ак ниет аткарууга чакырды.

Ссылка: https://barometr.kg/content8991



Добавить комментарий