Зимбабведе президент Мугабе отставкага кеткени жарыяланды

22 ноябрь 2017 13:23 484 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Зимбабвенин президенти Роберт Мугабе бийликти тынч жол менен өткөрүүгө жол ачуу үчүн кызматынан дароо жана өз ыктыяры менен кетип жатканын билдирди. Бул тууралуу Борбор Азия кабарлар кызматы жазды. Анын парламентке жолдогон делген катын 21-ноябрда спикер Жейкоб Муденда окуп берди:

“Мен, Зимбабвенин президенти Роберт Мугабе Конституциянын 96-беренесине ылайык отставкамды жарылайм. Ал дароо күчүнө кирүүдө”.

Мыйзам чыгаруучулар өлкөнү 37 жылдан бери башкарып келаткан 93 жаштагы Мугабеге импичмент жарылоону караштырып жатышкан.

Импичментке президенттин “жубайына конституциялык бийликти узурпациялоого жол берген”, “жашы улгайгандыктан өлкөнү жетектей албай калды" деген негиздемелер да киргизилген.

Зимбабвенин башкаруучу партиясы эки сутка аралыгында президенттин милдетин Эммерсон Мнангагва аткарарын жарыялады.

Мугабенин кызматтан кетүүсүн борбор Хараренин тургундары кубануу менен кабыл алышты.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8985



Добавить комментарий